КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 17-январы ПЖ №8
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьясы болуп дайындалгандыгына жана жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна жиберилгендигине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 17-январынан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Алибаев Акматали Имаралиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Бранчаева Сания Измайловна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Зулушев Курманкул Токторалыевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Мамбеталы Жаңыл - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Осмонов Айдарбек Касымалиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Сатыев Медербек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |