Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 23-январы ПЖ №12
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүлөр өз каалоосу менен 2013-жылдын 22-январынан баштап кызматынан бошотулсун:
- Батырканов Багыш Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Мамбеткалиева Гулсыйна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Рустембекова Света Султанкуловна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |