Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 23-январы №13
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат орундарына сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык токтом кылам:
1. 2013-жылдын 23-январынан тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:
- Айжигитов Дастанбай Абдирашитович;
- Айтбаева Индира Мукашевна;
- Джумагулов Азамат Кадырбекович;
- Джунушпаев Кыдык Карыбаевич;
- Исаев Нурбек Рустамбекович;
- Кадырова Гульназ Кубанычбековна;
- Кадыркулова Алма Камчыбековна;
- Калыбаева Шааркан Акматалиевна;
- Курманбаев Жекшеналы Анарбекович;
- Онолбеков Дамирбек Мадылбекович;
- Садырбеков Улан Маданбекович;
- Турумбекова Джилдыскан Насыркановна;
- Хлыбова Любовь Леонидовна;
- Чекирова Асель Мелисовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |