Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 23-январы №16
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьясы болуп дайындалгандыгына жана жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облустук сотуна жиберилгендигине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 23-январынан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Джумагулов Азамат Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Джунушпаев Кыдык Карыбаевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Исаев Нурбек Рустамбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Кадырова Гульназ Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Курманбаев Жекшеналы Анарбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облустук Райондор аралык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Онолбеков Дамирбек Мадылбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Турумбекова Джилдыскан Насыркановна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |