Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 22-февралы ПЖ №29
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошогондугуна байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү жактыруусу алынганга чейин Суранчиев Абдулда Шергазиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна А.Ш.Суранчиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |