Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 22-февралы ПЖ №30
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан киргизилген Ош облустук сотунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлердин сунуштамаларын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 22-февралынан тартып биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович;
- Аширбаев Исламидин Маматович;
- Каримова Рахат Абдылдаевна;
- Кубатов Айвар Эсенкулович;
- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;
- Масабирова Тарифа Жаанбаевна;
- Салиев Калыгул Абдылдаевич;
- Токтомушев Мамасалы Мырзашевич;
- Шамшиев Абдрасул Абдрахманович;
- Эгембердиева Аида Ураимжановна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |