Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 22-февралы ПЖ №31
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облустук сотуна жиберилсин:
- Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович;
- Аширбаев Исламидин Маматович;
- Каримова Рахат Абдылдаевна;
- Кубатов Айвар Эсенкулович;
- Мадмарова Эльнара Абдувалиевна;
- Масабирова Тарифа Жаанбаевна;
- Салиев Калыгул Абдылдаевич;
- Токтомушев Мамасалы Мырзашевич;
- Шамшиев Абдрасул Абдрахманович;
- Эгембердиева Аида Ураимжановна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |