Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 22-февралы ПЖ №33
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалгандыгына жана аларды жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облустук сотуна жиберүүгө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 22-февралынан тартып мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Кубатов Айвар Эсенкулович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;
- Салиев Калыгул Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;
- Шамшиев Абдрасул Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;
- Эгембердиева Аида Ураимжановна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |