Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 7-марты ПЖ №46
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Жалал-Абад облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 7-мартынан тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абдраимов Азамат Жармаматович;
- Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич;
- Алаев Мухамед Абдивалиевич;
- Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич;
- Джапакбаев Кадырали Джоробекович;
- Жакыпбаев Шералы;
- Исамидинов Данияр Илиязович;
- Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович;
- Кожобекова Гульмира Турдумаматовна;
- Таштемиров Акрамжан Набиевич;
- Токтогулова Гульзада Токторбаевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |