Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 7-марты ПЖ №48
Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Жалал-Абад облустук сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 7-мартынан баштап Жалал-Абад облустук сотунун иштеп жаткан судьялары толук курамында кызматтарынан бошотулсун:
- Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич;
- Иманкулов Эркин Тургунович;
- Каипова Нуриля Кочкоровна;
- Кожобекова Гульмира Турдумаматовна;
- Маматов Атамбек Омарович;
- Молдобаев Амангелди Мурзатович;
- Саматов Акылбек Абдимажитович;
- Чаканов Эдилбек Сайпидинович;
- Шукуралиев Рыспек Шералиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |