Редакцияот 19.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 19-марты ПЖ №53

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 28-январындагы №23 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги №85 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев