Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 20-марты ПЖ №54
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Ысык-Көл облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 20-мартынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:
- Акматов Таалайбек Калыбекович;
- Алиева Гүлкайыр Сакешовна;
- Асаналиев Жолдош Асанакунович;
- Асанбаев Болот Султанович;
- Досмамбетов Азизбек Анарбекович;
- Жаныбеков Медер Жаныбекович;
- Молдакунов Айбек Карыбекович;
- Рыскулова Аида Бекеновна;
- Шамбетова Мира Узбековна;
- Шерипов Улан Турганбаевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |