Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 20-марты ПЖ №56
Ысык-Көл облустук сотунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Ысык-Көл облустук сотуна жаңы судьялардын дайындалгандыгына байланыштуу токтом кылам:
1. 2013-жылдын 20-мартынан баштап Ысык-Көл облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында кызматынан бошотулсун:
- Абакиров Каныбек Шонкоевич;
- Абдыкадыров Акылбек Токтосунович;
- Акназаров Мирлан Тагаевич;
- Асанбаев Болот Султанович;
- Арабаев Манасбек Матаевич;
- Сакеев Дамир Ушурбекович;
- Рыскулова Аида Бекеновна;
- Шамбетова Мира Узбековна;
- Эркебаев Адилет Маматеминович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |