Редакцияот 20.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 20-марты ПЖ №58

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 20-мартынан баштап алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Жээналиев Марат Субанбековичтин;

- Карабеков Алмаз Маматбековичтин;

- Касымбеков Кубанычбек Калыбековичтин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 9-апрелинен баштап алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:

- Нарынбекова Айсалкын Өмүралиевнанын;

- Токтосунов Тилек Калыковичтин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев