Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 20-марты ПЖ №59
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына ыйгарым укуктарын узарткандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 20-мартынан баштап төмөнкүлөрдүн кызмат орундарын ээлеши улантылсын:
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Жээналиев Марат Субанбековичтин;
- Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы - Карабеков Алмаз Маматбековичтин;
- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы - Касымбеков Кубанычбек Калыбековичтин.
2. 2013-жылдын 9-апрелинен баштап төмөнкүлөрдүн кызмат орундарын ээлеши улантылсын:
- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары - Нарынбекова Айсалкын Өмүралиевнанын;
- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы - Токтосунов Тилек Калыковичтин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |