КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 1-апрели ПЖ №68
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын кызматынан четтетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Султанов Кушчубай Култаевичти жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.
2. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Чырмашев Урмат Дуйшенбаевичти жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |