Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин № 514 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин
2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73,
2010-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 222,
2010-жылдын 28-августундагы ПЖ № 148,
2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250,
2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары Кызмат) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарында мамлекеттик башкаруунун мамлекеттик саясатын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу бирдиктүү мамлекеттик орган болуп саналат. Кызмат Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш иет жана ага отчет берип турат.
(КР Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы ПЖ № 148 жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү штампы жана бланктары болот.
4. Кызматтын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик кызматты башкаруу системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик кызматчыларга түрткү берүү системасын түзүү жана уюштуруу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тестирлөөнүн бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системасын жана "Интранет" тармагын түзүү;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө маалыматтык ресурстарды түзүү жана башкаруу;
- мамлекеттик кызматка кадрларды тандап алуу системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик кызматтын кадрлар резервин түзүү жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик кызматта кадрларды окутуу системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик кызматчылардын ишине баа берүү системасын түзүү жана уюштуруу;
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту);
- мамлекеттик кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу.
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Кызмат төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
а) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- мамлекеттик кызматтын системасынын ишин талдоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматчынын этикасынын ченемдерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызмат системасынын администрациялык мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү, мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо, аларды кызматтык жактан жогорулатуу, мамлекеттик кызматчылардын ишине баа берүү жол-жоболорунун стандарттарын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматчыларга материалдык жактан тышкары түрткү берүү системасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөө жана аларды социалдык-укуктук жактан камсыз кылуу системасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө маалыматтык ресурстарды коргоо боюнча комплекстүү чаралардын принциптерин жана механизмдерин, аны ишке ашыруу механизмдерин караган адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматтын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматтын кадрлар резервинде турган адамдарды окутуу программаларын жана өнүктүрүүнүн жеке программаларын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматчыларды жана мамлекеттик кызматтын кадрлар резервинде турган адамдарды окутууда жалпы муктаждыкты түзүү, пландаштыруу жана божомолдоо;
- мамлекеттик кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик буюртманы ишке ашырууга билим берүү уюмдарын тандоо жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайыккүчүн жоготту)
- мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияларынын формаларын, аларды толтуруу, берүү жана сактоо жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу жана эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;
- жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара кызматташуу;
б) жөнгө салуу функциялары:
- статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордуна квалификациялык талаптарды, ошондой эле администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына типтүү квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- мамлекеттик кызматчылардын типтүү кызматтык регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү, мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык регламенттеринин долбоорлорун макулдашуу;
- персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу жана бекитүү, мамлекеттик органдардын персоналдарын башкаруу кызматы жөнүндө жоболордун долбоорлорун макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин иштеп чыгуу жана аны жүргүзүү;
- мамлекеттик органдарда администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо өткөрүү;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү, аларды дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштоо;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жана Кызматтын мамлекеттик кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- мамлекеттик кызматтын кадрлар резервине киргизүүгө конкурстук тандоо өткөрүү;
- мамлекеттик кызматтын кадрлар резервинде турган адамдарды окутууну уюштуруу;
- мамлекеттик кызматчыларды кайра даярдоонун жана квалификацияларын жогорулатуунун мамлекеттик билим берүү стандарттарын, мамлекеттик кызматчыларды окутуу программаларын макулдашуу;
- мамлекеттик кызматчыларды окутууга, ошондой эле мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө илимий жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик буюртманы түзүү;
- мамлекеттик буюртманы ишке ашыруу үчүн билим берүү мекемелеринин арасында конкурс өткөрүү жана каржы каражаттарын башкаруу;
- мамлекеттик кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугуна жана таасирдүүлүгүнө баа берүү;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзүү;
- адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын башкаруу;
- мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик кызматчылардын бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү, мамлекеттик кызматтагы кадрдык процесстерди эсепке алуу;
- адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу боюнча бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө маалыматтык ресурстардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- декларацияларды электрондук форматта берүүнү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- декларанттардын реестрин жүргүзүү жана алынган декларацияларды эсепке алуу, жарыялоого жатпаган маалыматтардын сакталышын жана купулдуулугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын кабыл алуу жана кароо;
- мамлекеттик кызматчылар жана бош турган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө талапкерлер үчүн суроолордун тесттеринин, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана администрациялык мамлекеттик кызматтарга коюлуучу атайын талаптарга ылайык башка тесттердин базасын иштеп чыгуу, түзүү жана модернизациялоо;
- бош турган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлөө үчүн талапкерлерди, ошондой эле аттестациядан өткөндө жана квалификациялык экзаменди бергенде мамлекеттик кызматчыларды тесттен өткөрүү жана аны жүргүзүү;
в) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишин координациялоо;
- мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү жана колдонуу процессине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
- мамлекеттик кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана билим берүү уюмдарынын ишин координациялоо;
- донор уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана чет өлкөдө мамлекеттик кызматчыларды окутуу программаларын ишке ашыруу;
- (Абзац КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды сактоо маселеси боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын арыздарын жана даттанууларын кароо, ошондой эле алардын аткарылышына контролдук кылууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтарды ЖМКда жарыялоо;
г) кызмат көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик кызмат маселелери боюнча мамлекеттик кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына кеңеш берүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызмат башка функцияларды да аткарат.
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73, 2010-жылдын 28-августундагы ПЖ № 148, 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Кызмат төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна мамлекеттик кызматты андан ары өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө мыйзамды бузуу менен кабыл алынган мамлекеттик органдардын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизүү;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартуу;
- мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү иш абалы жөнүндө статс-катчылардын отчетторун угуу;
- мамлекеттик кызмат маселелери боюнча чет өлкөлөр менен белгиленген тартипте кызматташуу жана байланыштарды өнүктүрүү;
- мамлекеттик кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө эл аралык келишимдерге кол коюуда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө тестирлөөнүн мамлекеттик маалыматтык системасын жана "Интранет" тармагын түзүү;
- мамлекеттик кызматчыларды окутууну жана квалификацияларын жогорулатууну жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик кызмат маселелери боюнча консультациялык-кеңешме органдарды түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- юридикалык жактын статусу менен Кызматка караштуу органдарды түзүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан суратуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган мамлекеттик органдардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер министрине киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
(КР Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы ПЖ № 148, 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кызмат, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик кызмат иштери боюнча органдардын бирдиктүү системасын түзөт. Кызматтын башкаруу схемасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
8. Кызматты Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
9. Кызматтын Директору:
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Кызматка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик тартат;
- Кызматтын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт;
- өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына жана сессияларына, комитеттердин жана фракциялардын жыйналыштарына катышат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат;
- мамлекеттик кызмат маселелери боюнча мамлекеттик органдардын коллегияларына катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Кызматтын директорунун орун басарларын жана статс-катчысын, кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- Кызматтын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын кызматтан бошотот, статс-катчынын сунушу боюнча сыйлайт жана тартипке салуу чараларын колдонот;
- өзүнүн орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Кызматтын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн, кызмат орундарынын тизмесин жана жоболорун бекитет;
- Кызматтын эмгек акы төлөө фондун башкарат;
- Кызматтын иш планын жана регламентин бекитет;
- Кызматтын сыйлыктарын уюштурат жана мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларын сыйлайт;
- Кызматтын мамлекеттик кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуш кылат;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерди, макулдашууларды жана протоколдорду белгиленген тартипте түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73, 2010-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 222, 2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250 , 2011-жылдын 31-мартындагы № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
11. Кызматтын директору жок болгон учурда анын функцияларын аткаруу иш милдеттерди бөлүштүрүүнүн чегинде анын орун басарынын бирине жүктөлөт.
12. Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш ийет жана Кызматтын ишин директор тарабынан жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат.
13. Кызматта статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлгөн, ал мыйзамда белгиленген тартипте Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Статс-катчы мыйзамда белгиленген тартипте директор менен макулдашуу боюнча: - конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча администрациялык мамлекеттик бош кызмат орундарына талапкерлерди дайындайт; - администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды орун которуштурат жана ротациялайт; - мамлекеттик кызмат маселелери боюнча башка мамлекеттик органдардын статс-катчылары менен өз ара аракеттенет. Кызматтын статс-катчысынын башка функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишин жөнгө салган жоболор менен аныкталат.
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Кызматта 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча Кызматтын директору (төрага), директордун орун басарлары, статс-катчы кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы ПЖ № 148 жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Кызмат өзүнүн ишин аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү мүлк менен камсыз болот. Мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ыкчам башкаруу укугунда Кызматка бекитилип берилет.
17. Кызматтын жана анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин финансылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган финансылоонун башка булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
18. Кызмат республикалык бюджеттен жана башка тыюу салынбаган булактардан түшкөн финансылык каражаттарды эсепке алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык, финансылык жана башка отчетторду берет.
19. Кызматты кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
20. Кызмат өз ишин токтоткон учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өткөрүлүп берилет, сакталат жана колдонулат.