Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 3-апрели ПЖ №70
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Нарын облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 3-апрелинен тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына дайындалсын:
- Абдыбеков Алдаярбек;
- Амиракулова Замира Тилебалдыевна;
- Асанбаев Нуркалый Жумабекович;
- Байышов Мирлан Байышович;
- Орозалиев Алмазбек Касыевич;
- Сарымсаков Усенбек Жумашович;
- Ташмамбетов Туратбек Торуевич;
- Эсенбаев Бердибек.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |