КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 3-апрели ПЖ №71
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Нарын облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары 2013-жылдын 3-апрелинен баштап Нарын облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Абдыбеков Алдаярбек;
- Амиракулова Замира Тилебалдыевна;
- Асанбаев Нуркалый Жумабекович;
- Байышов Мирлан Байышович;
- Орозалиев Алмазбек Касыевич;
- Сарымсаков Усенбек Жумашович;
- Ташмамбетов Туратбек Торуевич;
- Эсенбаев Бердибек.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |