Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 3-апрели ПЖ №72
Нарын облустук сотунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Нарын облустук сотуна жаңы судьялардын дайындалгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 3-апрелинен баштап Нарын облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында кызматынан бошотулсун:
- Аббасов Султанбек Анварбекович;
- Абдыбеков Алдаярбек;
- Амиракулова Замира Тилебалдыевна;
- Байышов Мирлан Байышович;
- Керимкулова Айнакүл Токтогуловна;
- Сыдыков Советбек Кемелович;
- Шайзындаев Арстанбек Аскарбекович;
- Эшалиев Анарбек Ажибекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |