КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 3-апрели ПЖ №73
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына дайындалгандыгына жана аларды Нарын облустук сотуна жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жөнөтүүгө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр 2013-жылдын 3-апрелинен баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Асанбаев Нуркалый Жумабекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Сарымсаков Усенбек Жумашович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Кемин райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Эсенбаев Бердибек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Нарын облусунун Нарын райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |