Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 17-апрели ПЖ № 78
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Талас облустук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 17-апрелинен баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абдиева Замира Мунарбековна;
- Боромбаев Мирлан Искакович;
- Жамангулов Жыргалбек Жамангулович;
- Ибраимов Молдозак Исмаилович;
- Калиева Клара Жакшылыковна;
- Омуралиев Бакыт Социалович;
- Токтосун уулу Каныбек.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |