ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2013-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ №79 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Талас облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» жарлыгы

Редакция17.04.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 17-апрели ПЖ №79

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Талас облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары 2013-жылдын 17-апрелинен баштап Талас облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Абдиева Замира Мунарбековна;

- Боромбаев Мирлан Искакович;

- Жамангулов Жыргалбек Жамангулович;

- Ибраимов Молдозак Исмаилович;

- Калиева Клара Жакшылыковна;

- Омуралиев Бакыт Социалович;

- Токтосун уулу Каныбек.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев