Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 17-апрели ПЖ №80
Талас облустук сотунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Талас облустук сотуна жаңы судьялардын дайындалгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 17-апрелинен баштап Талас облустук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары толук курамында кызматынан бошотулсун:
- Айтымбетов Мелис Жамадилович;
- Барыктабасова Эльмира Бектургановна;
- Ибраимов Молдозак Исмаилович;
- Кенжешов Мирбек Мамбеттурсунович;
- Калиева Клара Жакшылыковна;
- Маматбекова Айканыш Мырсабековна;
- Момуналиев Адис Жолдошбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |