Редакцияот 423775
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 17-апрели ПЖ № 81

З.М.Абдиева жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалгандыгына жана Талас облустук сотуна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилгендигине байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Абдиева Замира Мунарбековна 2013-жылдын 17-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев