Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 28-майы ПЖ № 119
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши киргизген Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 28-майынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абыканов Канат Арзыматович;
- Асанов Муратбек Аланович;
- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;
- Джунусов Эркин Маткаримович;
- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;
- Карабеков Алмаз Маматбекович;
- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;
- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;
- Суеркулов Эрлан Оморалиевич;
- Тентимишов Марлэн Бактыгулович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |