Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 28-майы ПЖ № 120
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Кыргыз Республикасынын аскердик сотторуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Кыргыз Республикасынын Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Асанов Муратбек Аланович;
- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;
- Джунусов Эркин Маткаримович;
- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;
- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич.
2. 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек гарнизонунун Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Карабеков Алмаз Маматбекович;
- Тентимишов Марлэн Бактыгулович.
3. 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Ош гарнизонунун Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Кабылбеков Таалайбек Мейманжанович;
- Суеркулов Эрлан Оморалиевич.
4. 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Абыканов Канат Арзыматович Баткен гарнизонунун Аскердик сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |