Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 28-майы ПЖ № 121
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотторунун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 24-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 28-майынан баштап Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары кызматтарынан бошотулсун:
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунан:
- Алиев Узбек Адамович;
- Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович;
- Аземкулов Барктабас Шаршеналиевич;
- Калилов Аязбек Эсентаевич;
- Карабеков Алмаз Маматбекович;
- Кожомбердиев Бакыт Кожомбердиевич;
- Мамытов Закирбай Торулуевич;
Бишкек гарнизонун Аскердик сотунан:
- Апышев Алмазбек Апышевич;
- Бектемиров Жакыпбек Барыктабасович;
- Тентимишов Марлэн Бактыгулович;
Ош гарнизонунун Аскердик сотунан:
- Арабаев Бакыт Исаевич;
- Суеркулов Эрлан Оморалиевич;
Баткен гарнизонунун Аскердик сотунан - Адыл уулу Улан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |