Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 3-июнундагы ПЖ №127 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 31-майы ПЖ № 123
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 3, 4-беренелерине ылайык жарандардын коопсуздугунун кызыкчылыгында жана абалды тез арада турукташтыруу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында коомдук тартипти орнотуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Саат 21.00дөн тартып саат 06.00гө чейинки коменданттык саатты белгилөө менен 2013-жылдын 31-майынын саат 15:00дөн тартып 2013-жылдын 10-июнуна чейинки мезгилге Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө абал киргизилсин.
2. Өзгөчө абал киргизилген убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты болуп дайындалсын жана ага өзгөчө чаралардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн, алардын аталган аймакта кошумча милдеттеринин тизмесин жана чектерин конституциялык Мыйзамга ылайык аныктоо укугу берилсин.
3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиев мыйзамга ылайык зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү менен коштолгон массалык башаламандыктарга бөгөт коюу, алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- көрсөтүлгөн аймакта коомдук тартип орнотуу үчүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиевдин жетекчилиги астында бирдиктүү оперативдүү штаб түзсүн;
- зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүү менен коштолгон массалык башаламандыктарга бөгөт коюу, алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Б.Жусубалиевге колдо болгон бардык күчтөр жана каражаттар менен ар тараптуу жардам көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |