Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 5-июну ПЖ № 135
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушун эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайлангандыгына байланыштуу төмөнкүлөр 2013-жылдын 15-майынан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Нарынбекова Айсалкын Омуралиевна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Осмонова Чолпон Омоковна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |