Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 5-июну ПЖ № 136
М.С.Досматов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жөндөмсүздүгүнөн улам Досматов Мир Саякбаевич 2013-жылдын 10-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |