Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги (мындан ары Мамлекеттик министрлик) тышкы саясый чөйрөдө аткаруучу-тескөөчү жана координациялоочу функцияны иш жүзүнө ашыруучу жана дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасын жетектөөчү мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Мамлекеттик министрлик Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийет жана отчет берет.
3. Мамлекеттик министрлик Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсун жүзөгө ашыруу боюнча өз ишин жүргүзөт.
4. Мамлекеттик министрлик өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алат.
5. Мамлекеттик министрлик, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары чет мамлекеттеги мекемелер), Кыргыз Республикасынын аймагындагы Мамлекеттик министрликтин өкүлчүлүктөрү (мындан ары - Мамлекеттик министрликтин өкүлчүлүктөрү) жана Мамлекеттик министрликке караштуу уюмдар (мындан ары - ведомствого караштуу уюмдар) бирдиктүү дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирет.
6. Мамлекеттик министрлик юридикалык жак болуп саналат, кыргыз жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын, Мамлекеттик Герби түшүрүлгөн мөөрү бар.
7. Мамлекеттик министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана тийиштүү сунуштарды Президенттик кеңешмеге киргизүү:
2) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерин бардык тараптан өнүктүрүүгө анын тышкы саясатынын багытын жүргүзүү;
3) эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка улуттук таламдарын дипломатиялык каражаттар менен коргоону камсыз кылуу;
4) бардыгы үчүн тең укуктуулуктун жана козголбос коопсуздуктун принциптерине негизденген эл аралык тынчтыкты, глобалдуу жана аймактык коопсуздукту колдоого көмөк көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелеринде бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
6) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана таламдарын коргоо;
7) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерин, эл аралык уюмдар менен карым-катнаштарын камсыз кылуу;
8) дипломатиялык кызматтын материалдык-техникалык базасын, кесиптик кадрдык потенциалын, анын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо системасын түзүү;
9) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык дагы башка милдеттерди ишке ашыруу.
II. Мамлекеттик министрликтин функциялары
8. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Мамлекеттик министрлик төмөнкү негизги функцияларды турмушка ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине стратегиялык жана шашылыш сунуштарды киргизүү;
2) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүндө, эл аралык форумдардын, конференциялардын ишинде катышуусун камсыз кылуу, глобалдуу жана аймактык эл аралык маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары ролун жогорулатуу;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде консулдук ишмердүүлүктү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги юридикалык жана жеке жактарынын жана чет өлкөлөрдө эмгек ишмердиги менен алектенген мигранттардын укуктарын, таламдарын коргоо боюнча иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерде жашаган кыргыз диаспоралары жана мекендештер менен байланыштарын жана карым-катнаштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
6) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер аралык бирикмелер менен эл аралык мамлекеттер аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча өкмөт аралык келишимдерди түзүү;
8) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, алардын күчүн токтотуу жана токтотуп туруу жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизүү;
9) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин депозитарий милдеттерин иш жүзүнө ашыруу;
10) эл аралык ачык укук маселелери жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын ишке ашыруу боюнча өз алдынча жана мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
11) саясатты иштеп чыгууда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук коопсуздук, коргоо, табигый суу-энергетикалык ресурстар, чөйрөнү коргоо, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон башка байланыштар чөйрөлөрүндөгү иш-чараларга катышуу;
12) өз компетенциясынын чегинде билим берүү, илим жана маданият жагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
13) соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишине жана эл аралык экономикалык уюмдардын жана алардын жумушчу органдарынын Мамлекеттик министрликтин компетенциясына тийиштүү бөлүгүндөгү ишине катышуу;
14) Мамлекеттик министрликтин компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди орнотуу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү тууралу сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине кароосуна сунуштарды киргизүү;
15) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тууралу сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
16) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелерин жетектөөнү жүзөгө ашыруу жана анын ишмердүүлүгүнүн багыттарын аныктоо;
17) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин чет мамлекеттерге болгон расмий жана жумушчу сапарларды уюштурууда жана өткөрүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасына чет элдик делегациялардын (мамлекет башчылардын, өкмөт башчылардын, тышкы саясый ведомстволордун башчыларынын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын) эң жогорку жана жогорку деңгээлде болгон сапарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын протокол кызматтары менен бирдикте дипломатиялык протоколду камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
18) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын иш жүзүнө ашырууда көмөк көрсөтүү, анын ичинде тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдар менен бирге мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана тыюу салуу жана миграциялык көзөмөлдү уюштуруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана иш жүзүнө ашырууга катышуу;
19) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсуна ылайык чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен карым-катнаштарды уюштуруу;
20) бирдиктүү тышкы саясатты камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында эл аралык ишмердүүлүк маселелеринде мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координациялоону жүзөгө ашыруу;
21) барган өлкөсүндө жүргөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялоо жана контролдук кылуу;
22) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, жалпы таанылган эл аралык укук ченемдерин жана принциптерин аткаруусун координациялоо;
23) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоо жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу;
24) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасына берилген артыкчылык жана иммунитеттердин Кыргыз Республикасында сакталышына көзөмөлдүк кылуу;
25) Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин долбоорлорунун жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттик органдар иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын экспертизасын өткөрүү;
26) кызыкдар мамлекеттик бийликтин органдарынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тийиштүү маселелер боюнча расмий маалымат таратуусуна макулдугун берүү;
27) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшүү, анын ичинде чет мамлекеттер, эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташууну орнотуу жана өнүктүрүүдө, республикада жана чет өлкөлөрдө эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, чет мамлекеттердин тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктери жана алардын жергиликтүү органдары менен байланышты ишке ашырууда, боордош шаарлардын ортосунда тыгыз байланышын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
28) республиканын мамлекеттик мекемелеринин жана алардын кызмат адамдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик мекемелери жана алардын кызмат адамдары менен карым-катнаштарында дипломатиялык колдоону камсыз кылуу;
29) дипломатиялык кызматтын кадрларын тандоо, даярдоо, кайра даярдоо, анын ичинде Мамлекеттик министрликтин Дипломатиялык Академиясы аркылуу ишке ашыруу, окуу жай даярдаган кадрлар менен Мамлекеттик министрликтин борбордук аппаратын жана чет мамлекеттердеги мекемелерин камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына кирген чет мамлекеттердеги мекемелердин жетекчи кызматкерлерине тиешелүү кадр маселелери жагында дайындоо жана жумуштан бошотуу боюнча сунуштарды даярдоо;
30) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалпыга маалымдоо каражаттарына эл аралык абал жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты тууралу маалыматтарды берүү;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык иш чараларга катышуу маселелерин координациялоо;
32) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жашоосу тууралу маалыматтардын таралышын көзөмөлдөө;
33) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
34) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
35) Мамлекеттик министрликтин системасында иш кагаздарын жүгүртүүнүн бирдиктүү системасын уюштуруу, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыз кылуу, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү, жашыруун режимди жана кызматтык сырды сактоо, дипломатиялык каналдар боюнча Кыргыз Республикасына келген дипломатиялык почтаны жана дипломатиялык жүктү кабыл алуу жана андан ары жөнөтүү боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынан дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн дипломатиялык почтаны жана дипломатиялык жүктү комплекттөө, тариздөө жана жөнөтүүнү уюштуруу;
36) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдарды сервистик тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашырган уюмдардын жана ишканалардын ишин жетекчиликке алуу жана координациялоо;
37) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин эл аралык уюмдар жүргүзгөн миссияларда жолдомо боюнча иштөөсүн уюштуруу;
38) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн эл аралык уюмдардагы квоталык орундарга белгиленген тартипте дайындоо боюнча иштерди уюштуруу;
39) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө;
40) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттөө;
41) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана анын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) иштерине катышуу;
42) бийликтин аткаруу органдарынын, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарынын ушул органдардын жана алардын кызмат адамдарынын эл аралык ишмердикке катышуусу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жана эл аралык милдеттенмелердин аткарылышынын биримдик принцибин сактоо камсыздалгандай эриш-аркак аракеттенишин камсыз кылуу;
43) Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын ишке ашырууга катышуу;
44) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагында тышкы саясий маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу;
45) чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдар институтунун ишин координациялоо;
46) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, чет элдик инвестициялардын, анын ичинде республиканын экономикасына келген тикелей инвестициялардын көбөйүшүнө, чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан техникалык жана гуманитардык жардам алууга катышуу;
47) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
III. Мамлекеттик министрликтин укуктары
9. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Мамлекеттик министрлик төмөнкүлөргө укуктуу;
1) Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана мекемелеринин чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мекемелери менен карым-катнаштарынын тартибин, эгерде ал Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана эл аралык келишимдери тарабынан аныкталбаса аныктоого;
2) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) тийиштүү министрликтердин жана аткаруу бийлигинин башка органдардын, илимий-изилдөө мекемелердин өкүлдөрүн тартуу менен тышкы саясатка байланыштуу маселелер боюнча айрым изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын таламдаш мамлекеттик органдарынын кошумча макулдугусуз Мамлекеттик министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзүүгө;
5) билдирүүлөр жана башка тышкы саясый акциялар менен чыгууга;
6) өз компетенциясынын чегинде тышкы карым-катнаш маселелери боюнча буйруктарды чыгарууга;
7) өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик министрликке бул Жобо менен жүктөлгөн милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тапшырмаларынын аткарылышын уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алууга жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө;
8) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларды түзүүгө;
9) мыйзамда белгиленген тартипте кенже тейлөө кызматкерлерин жана техникалык персоналдардын санын аныктоого жана аларды жумушка кабыл алуу жана бошотуу боюнча маселелерди чечүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый жана тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн маселелерин кароодо, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин адистерин жана өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырылышынын жүрүшүн карап чыгуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын өкүлдөрүн чакырууга, ошондой эле тийиштүү документтерди, маалыматтык жана башка материалдарды суратууга жана алууга;
11) консулдук кызмат көрсөтүүдөн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнөн алынган бюджеттен тышкаркы каражаттарды ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Мамлекеттик министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн, анын кызматкерлеринин социалдык муктаждыктарына, материалдык дем берүү үчүн пайдаланууга, адистерди чакырууга, ошондой эле Мамлекеттик министрликтин ишмердүүлүгү менен байланышкан башка максаттарда пайдаланууга;
12) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын, ошондой эле бул Жободон келип чыккан маселелер боюнча Кыргыз Республикасында жайгашкан бардык ишкана, мекемелердин иштери менен таанышууга.
IV. Мамлекеттик министрликтин ишин уюштуруу
10. Мамлекеттик министрликти Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Мамлекеттик министри (мындан ары - Мамлекеттик министр) жетектейт, ал кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Мамлекеттик министр Президенттик кеңешменин мүчөсү болуп саналат.
11. Мамлекеттик министрликте Мамлекеттик министрдин орун басарлары, статс-катчы, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ШКУнун Улуттук координатору бар.
Мамлекеттик министрдин орун басарлары Мамлекеттик министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик министрликтин ишин уюштурат.
Статс-катчы "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Мамлекеттик министр тарабынан статс-катчыга башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
12. Мамлекеттик министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана ал тарабынан функциялардын жүзөгө ашырылышына Мамлекеттик министр жеке жооп берет жана Мамлекеттик министрдин орун басарларынын, Мамлекеттик министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт.
13. Мамлекеттик министр:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын атынан өкүл болот, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине атайын ыйгарым укуктарсыз кол коет;
2) Тышкы иштер мамлекеттик министрликтин ишин жана чет мамлекеттердеги мекемелердин ишмердүүлүгүн жетектейт, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, уюштуруучу, кадрдык, каржы, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү үчүн Министрликтин жетекчи кызмат адамдарынын милдеттерин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын элчилерин, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын башкы консулдарын дайындоо тууралу Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өкмөттүк делегациялардын жетекчилерин дайындоо тууралу сунуштарын киргизет;
4) белгиленген тартипте тышкы саясат маселелерин Президенттик кеңешменин кароосуна киргизет;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат жагындагы чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен бирдикте талдоо материалдарды иштеп чыгууга катышат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин стратегиялык жана шашылыш чечимдерин даярдоого өзүнүн компетенциясынын чегинде катышат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясый чечимдеринин мамлекеттик бийликтин органдары тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат жагындагы чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдарга тапшырма берет;
10) белгиленген тартипте Өкмөттүн жыйналыштарына, Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын коллегияларына катышат;
11) Кыргыз Республикасынын Башкы консулдарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги консулдук мекемелеринин жетекчилерин дайындайт;
12) мамлекеттик тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий билдирүүлөр жана демилгелер менен чыгып сүйлөйт;
13) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги иштеринде Ыйгарымдуу ишеним адамдарын дайындайт жана ишеним грамоталарын тапшырат;
14) төмөнкү жактарга консулдук экзекватура берет:
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин консулдук мекемелердин башчыларына;
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин ардактуу консулдарына;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелеринде Мамлекеттик министрликтин атынан иш алып барат;
16) Кыргыз Республикасынын Президентине Ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу келген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кабыл алат;
17) Кыргыз Республикасынын эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана келишимдерине кол коюусуна кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги белгилеген тартипте тариздейт;
18) тышкы саясый мүнөздөгү расмий маалыматтарды жалпыга маалымдоо үчүн дипломатиялык кызматтын башка кызматкерлерине ыйгарым укуктарды берет;
19) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө грамоталарга кол коюу менен бекемдейт;
20) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына Ишеним жана кайра чакыртуу грамоталарына кол коет;
21) Мамлекеттик министрликтин, ошондой эле чет мамлекеттердеги мекемелердин, Мамлекеттик министрликтин өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызматтын бирдиктүү системасына кирген министрликке караштуу бардык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн бардык маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
22) өзүнүн кызматтык милдеттеринин бөлүгүн Мамлекеттик министрдин орун басарларына жана статс-катчыга аткарууга тапшырат;
23) өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик министрликтин жана чет мамлекеттердеги мекемелердин борбордук аппаратынын жетекчи кызматкерлерин, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдар системасынын Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалууга тийиштүү эмес кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
24) дипломатиялык кызмат органдар системасынын, ошондой эле ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин жалпы санына жана эмгек акысынын фондуна жараша чет мамлекеттердеги мекемелердин түзүмүн бекитет;
25) Мамлекеттик министрликтин түзүмүн жана штаттык кызмат орундарынын тизмесин белгиленген штаттык сандын чегинде бекитет;
26) өндүрүштүк зарылчылык болгон учурларында дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдар системасындагы дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлерин жумуш ордунан которуу, убактылуу алмаштыруу иштерин жүзөгө ашырууга укуктуу, ошондой эле Мамлекеттик министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызматкерлердин санын дипломатиялык кызмат органдарынын штаттык санына жана айлык акы фондуна жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте өзгөртөт;
27) белгиленген тартипте атташеден тартып 1-класстагы кеңешчи рангын берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчи дипломатиялык рангдарын берүү тууралу сунуш киргизет.
14. Дипломатиялык кызматкерлердин кызмат өтөөсү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
15. Мамлекеттик министрликте 17 мүчөдөн, анын ичинде Мамлекеттик министрден (коллегиянын төрагасы), Мамлекеттик министрдин орун басарларынан, статс-катчыдан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун өкүлдөрүнөн, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдар системасынын башка жетекчи кызматкерлеринен турган коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча коллегиянын курамына киргендерден тышкары коллегиянын мүчөлөрүнүн курамы Мамлекеттик министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Мамлекеттик министрликтин коллегиясы тууралу жобо жана анын ишинин Регламенти Мамлекеттик министрликтин буйругу менен бекитилет.
16. Мамлекеттик министрликтин коллегиясы өзүнүн жыйналыштарында Мамлекеттик министрликтин ишмердүүлүгүнүн маселелерин жана анын ишин өркүндөтүү боюнча негизги маселелерди карайт, тышкы саясатты практикада иш жүзүнө ашыруунун, өз чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө, кадрларды тандоону жана маанилүү буйрук жана нускамалардын долбоорлорун талкуулайт, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн отчетторун угат.
17. Сунуштарды, көрсөтмөлөрдү документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле тышкы саясый ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча чечимдердин макулдашууларын кароо үчүн илимий-усулдук, коомдук кеңештер, жумушчу топтор түзүлөт. Алар жөнүндө жобо Мамлекеттик министр тарабынан бекитилет.