Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясы жөнүндө ЖОБО
II. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Комиссиясы (мындан ары - Комиссия) ЮНЕСКОнун ишине Кыргыз Республикасынын катышуу маселелери боюнча ведомство аралык орган болуп саналат. Комиссия республиканын мамлекеттик органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдарынын, окумуштууларынын жана коомдук ишмерлеринин билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча өз ара биригүүсүн жана кызматташуусун камсыздайт.
2. Комиссия өз ишмердүүлүгүн ЮНЕСКОнун Жобосуна, бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
II. Комиссиянын негизги милдеттери
3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын алга жылдыруу, ишке ашыруу жана коргоо:
- ЮНЕСКО органдарында Кыргыз Республикасынын позициясын даярдоо;
- ЮНЕСКО жана анын көмөкчү институттарынын алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттерин аткаруусу, анын ичинде мүчөлүк взносторду төлөө маселесин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тартипте мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген ЮНЕСКО алкагындагы эл аралык келишимдерди кайра иштеп чыгуу;
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитүү.
III. Комиссиянын негизги функциялары
4. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Комиссиянын артыкчылыктуу ишмердүүлүгүн эки жылдык мөөнөткө кабыл алуу;
- Катчылыктын жылдык иш планын бекитүү;
- ЮНЕСКОдо, Башкы конференциянын сессияларында жана ЮНЕСКО алкагындагы башка жолугушууларда Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Комиссиянын Катчылыгынын ишмердүүлүгү тууралуу жылдык отчет угуу;
- ЮНЕСКОнун программалык ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча жумушчу органдарды түзүү;
- ЮНЕСКОнун шайлоо органдарына Кыргыз Республикасынын атынан талапкер көрсөтүү жана кошумчаларды киргизүүнү кароо.
IV. Комиссиянын укуктары
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу;
- ЮНЕСКО ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясына карата сунуштарды даярдоо;
- ЮНЕСКО алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткаруу боюнча компетенттүү органдардан маалымат алуу;
- ЮНЕСКОнун шайлоо органдарына белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан талапкер көрсөтүү;
- Комиссиянын Катчылыгынын жылдык иш планын бекитүү;
- ЮНЕСКОнун программалык ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча жумушчу органдарды түзүү жана алардын курамын бекитүү.
V. Комиссиянын ишин уюштуруу
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри Комиссиясынын төрагасы болуп саналат. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын курамын түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүсүнө сунуш кылат.
7. Комиссиянын төрагасынын укуктары:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылуу;
- Комиссиянын Катчылыгынын ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик кылуу;
- ЮНЕСКО менен мамилелерде Комиссиянын атынан иш алып баруу;
- ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча Комиссиянын жыйналышын чакыруу;
- ЮНЕСКОнун иш-чараларына катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамын калыптандыруу;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тийиштүү документтерге кол коюуга ыйгарым укуктарды тариздөө;
- Комиссиянын жыйналышынын тийиштүү чечимдерине кол коюу.
8. Комиссиянын өз ишин жыйналыш өткөрүү жолу менен жүргүзөт.
9. Комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
10. Комиссиянын жыйналышынын чечими Комиссиянын мүчөлөрүнүн жыйналышына катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана жыйналышты төрагалык кылуучу, ошондой эле Комиссиянын аткаруучу катчысы кол койгон протокол менен таризделет. Жыйналыштын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда анын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Комиссия өз жыйналышын зарылчылыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолудан өткөрүп турат.
12. Комиссиянын ишин анын Катчылыгы камсыз кылат.
13. Катчылыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
14. Комиссиянын Катчылыгы өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өзгөчөлөнгөн мүлктөргө, өз алдынча баланска ээ, мамлекеттик жана англис тилинде жазылган мөөрү жана бланкы болот.
15. Комиссиянын Катчылыгынын банктык эсеби, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык валюталык эсеби болот.
16. Комиссиянын Катчылыгынын ишмердүүлүгүн финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
17. Комиссиянын Катчылыгы жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри тарабынан бекитилет.