Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы № 26 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын статусун, ыйгарым укуктарын жана ишинин уюштурулушун аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы (мындан ары Президенттин Катчылыгы) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт, ага түздөн-түз баш ийет, отчет берет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курамына өз алдынча түзүм катары кирет.
3. Президенттин Катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
4. Президенттин Катчылыгынын түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.
II. Президенттин Катчылыгынын негизги милдеттери
5. Президенттин Катчылыгынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык, талдоо, протоколдук жактан камсыз кылуу жана чагылдыруу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жагында саясатты түзүү боюнча сунуштарды даярдоо.
III. Президенттин Катчылыгынын ыйгарым укуктары
6. Президенттин Катчылыгы ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын мамлекеттин башчысы жүргүзүп жаткан иштер, анын пландары жана айрым маселелер боюнча позициясы жөнүндө маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине байланышкан иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырат;
- коомдун социалдык-экономикалык жана саясый эң маанилүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин саясаты жана аларды чечүү үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө объективдүү жана анык материалдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарын камсыз кылат;
- мамлекет башчысынын келечектеги иш-планын негиздемелери менен даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президенти катышкан ачык иш-чаралардын күн тартибин жана графигин даярдайт;
- мамлекет башчысынын ачык иш-аракетинин маселелери боюнча аны маалыматтык-талдоо материалдары менен камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алына турган концепцияларды жана стратегиялык документтерди коомдук талкуулоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөдөгү иштин абалы жана Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары жөнүндө Кыргызстандын элине ар жылдык кайрылуусун;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин башка сүйлөгөн сөздөрүн жана кайрылууларын жана ага материалдарды даярдоону камсыз кылат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүлөрү, сүйлөгөн сөздөрү жана жолугушуулары жөнүндө маалымдар кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен пресс-конференцияларды уюштурат, Кыргыз Республикасынын Президентинин интервьюларын уюштурат жана даярдайт;
- жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн туруктуу брифингдерди өткөрөт, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын администрациясынын ишинин маселелери боюнча басма сөз үчүн билдирүүлөрдү жасайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен иш-чараларды маалыматтык камсыз кылууну, анын өлкө боюнча жана чет өлкөгө кыдырууларын уюштурат;
- мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну чагылдыруу боюнча мамлекеттик органдардын басма сөз-кызматтарынын өз ара аракеттенишин уюштурат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдарды талдайт жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Президентинин иши жана ал жүргүзүп жаткан саясат жөнүндө объективдүү маалымат менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- мамлекет башчысынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатын өркүндөтүү жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө талдоону киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
- Президенттин Катчылыгынын карамагына берилген маселелерди чечүүгө катышууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын, илим-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүн, илимпоздорду жана адистерди белгиленген тартипте, анын ичинде келишимдик негизде тартат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ички жана эл аралык визиттерин, анын ачык жолугушууларын жана сүйлөгөн сөздөрүн протоколдук жактан камсыз кылат.
7. Президенттин Катчылыгы белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынан жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунан зарыл материалдарды, анын ичинде жашыруун материалдарды суратууга жана алууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдар менен мекемелердин өкүлдөрү менен Президенттин Катчылыгынын компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун (мындан ары - СТББИ) ишин контролдоого жана текшерүүгө, СТББИнин директорунан СТББИнин иши жөнүндө ар кандай маалыматты, анын ичинде кесиптик жана финансылык иш жөнүндө отчет берүүнү талап кылууга.
- Президенттин Катчылыгынын контролдук ыйгарым укуктарын Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти түзө турган СТББИнин Байкоочу кеңеши жүргүзөт.
IV. Президенттин Катчылыгынын
жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Президенттин Катчылыгына Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындап жана бошото турган жетекчи башчылык кылат. Президенттин Катчылыгынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз жетекчилиги астында иштейт.
9. Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары болот, ал Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
10. Президенттин Катчылыгынын жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары аткарат.
Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Президенттин Катчылыгынын жетекчиси аныктаган милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык функцияларды аткарат.
11. Президенттин Катчылыгынын жетекчилиги:
- өзү тескеген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызмат адамдары жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет;
- Президенттин Катчылыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат жана анын ишинин натыйжасы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- Президенттин Катчылыгынын ишин камсыз кылуунун чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик мекемелерге, анын ичинде СТББИге жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына белгиленген тартипте тапшырмаларды берүүгө укуктуу;
- СТББИнин ишине көзөмөлдүк кылат жана анын ишин текшерүүгө, СТББИнин жетекчилигинен СТББИнин иши жөнүндө ар кандай маалыматты берүүнү талап кылууга укуктуу;
- СТББИнин Байкоочу кеңешин түзүү жана анын жекече курамы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин кабыл алуусун уюштурат;
- ушул Жободо белгиленген тартипте Президенттин Катчылыгынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- ушул Жободо белгиленген тартипте Президенттин Катчылыгынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине сунуш киргизет;
- Президенттин Катчылыгынын компетенциясына кирген маселелер боюнча милдеттүү түрдө аткарыла турган жазуу жүзүндө жана оозеки тапшырмаларды берет;
- ушул Жободо каралган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
12. Президенттин Катчылыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Президенттин Катчылыгынын башка кызматкерлери Президенттин Катчылыгынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
13. Президенттин Катчылыгынын курамына анын жетекчилери жана кызматтары кирет. Президенттин Катчылыгынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
14. Президенттин Катчылыгынын кызматкерлери өз компетенцияларынын чегинде Президенттин Катчылыгынын өкүлдөрү болуп саналат. Президенттин Катчылыгынын кызматкерлеринин ушул Жобо менен жөнгө салынбаган ишинин маселелери, алардын функциялары, укуктары жана милдеттенмелери, ошондой эле ишинин уюштурулушу жана шарттары Президенттин Катчылыгынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызмат адамдары жөнүндө жоболор, Кыргыз Республикасынын Президентинин башка актылары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана кызматтык нускоолор менен аныкталат.