Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 14-июну ПЖ № 141
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу жыйналышында кабыл алынган чечимге ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы ушул Жарлыкка тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги № 82 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштан күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
Тиркеме
Нарымбаев Данияр Ильич | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Улуттук комиссиянын төрагасы; |
Самаков Карганбек Садыкович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Раев Султан Акимович | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
|
Садыков Канат Жалилович | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Оторбаев Эринес Мотойович | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Корчуева Элнура Асылбековна | - Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы; |
Абдырахманов Төлөбек Абылович | - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору;
|
Бакашева Жылдыз Кемеловна | - Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору; |
Дербишева Замира Касымбековна | - "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин профессору (макулдашуу боюнча);
|
Жакиев Бексултан Жакиевич | - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
|
Мусина Дарья Сапарбековна | - "Балажан" Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору; |
Найзабекова Алмакан Шамшикеевна | - "Маданият жана көркөм өнөр боюнча Борбордук Азия тармагы" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокөрсөтүү корпорациясынын башкы директору; |
Садык Шер-Нияз | - коомдук ишмер, "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Чороев Тынчтыкбек Кадырманбетович | - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймак таануу кафедрасынын профессору (макулдашуу боюнча); |
Чочунбаева Динара Илимбековна | - Борбордук Азияда кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнү колдогон уюмдардын ассоциациясынын ресурстук борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Шүкүров Эмил Жапарович | - Кыргызстандын "Алейне" экологиялык кыймылынын директору (макулдашуу боюнча);
|
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.
|