Редакцияот 05.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 5-июлу ПЖ № 159

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына ыйгарым укуктар узартылгандыгына байланыштуу

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкү кызмат орундарды ээлөө узартылсын:

- 2013-жылдын 6-июлунан баштап Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьясынын - Азимжанов Мадамин Низамидиновичке жана Ысык-Көл облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын - Даркимбаев Таалайбек Кадыралиевичке;

- 2013-жылдын 14-июлунан баштап Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын - Аксамаев Эмил Маликовичке.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев