КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 5-июлу ПЖ № 161
Г.А.Эркебаева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Г.А.Эркебаеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Эркебаева Гулайым Абдыганиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |