Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 Жарлыгы менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын негизги милдеттери
III. Комиссиянын негизги функциялары
IV. Комиссиянын укуктары
V. Комиссиянын ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы бул эл аралык уюмдун ишине Кыргыз Республикасынын катышуусунун маселеси боюнча байланыш органынын ролун ишке ашырат.
2. Комиссиянын курамы мамлекеттик органдардын, илимий, окутуу жана башка мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комиссия улуттук министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын, окумуштуулардын жана өлкөнүн кадыр-барктуу деп таанылган адамдарынын билим берүү, илим, маданият, маалымат жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маселелери боюнча ЮНЕСКО менен кызматташтыгын, эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат жана аларды координациялайт.
3. Тарыхый, маданий эстеликтерди жана жаратылыш мурастарын сактоого жана реставрациялоого, билим берүү, маданият, табигый жана социалдык илимдер жаатындагы кызматташтыкты жүргүзүү, ЮНЕСКОнун ишинин багыты боюнча конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды, жолугушууларды, конкурстарды жана көргөзмөлөрдү уюштурууга көмөктөшүү Комиссиянын маанилүү милдети болуп эсептелет.
4. Комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
5. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ЮНЕСКОнун уставына, ЮНЕСКОнун улуттук комиссияларынын моделдик жоболоруна, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
II. Комиссиянын негизги милдеттери
6. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ЮНЕСКОнун ишинин алкагында жылдыруу, ишке ашыруу жана коргоо;
- Кыргыз Республикасынын позициясын ЮНЕСКО органдарында даярдоо;
- ЮНЕСКОнун жана анын жардамчы институттарынын алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу, анын ичинде мүчөлүк акыларды төлөө маселелерин иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген ЮНЕСКО алкагындагы эл аралык келишимдерди имплементациялоо;
- Комиссиянын артыкчылыктуу иш багыттарын бекитүү.
III. Комиссиянын негизги функциялары
7. Комиссияга төмөнкүдөй консультативдик, аткаруучулук, маалыматтык жана контролдук функциялар жүктөлөт:
- ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлүүчү билим берүү, илим, маданият, информатика, коммуникациялар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы иш-чаралар менен программаларды даярдоого жана ага катышууга мамлекеттик мекемелерди, өкмөттүк эмес уюмдарды жана айрым адистерди тартуу, ошондой эле долбоордун алкагында алардын ишин координациялоо;
- ЮНЕСКОнун органдарында Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү үчүн сунуштарды берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу официалдуу делегацияларынын ишине көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын уюмдары менен мекемелеринин ЮНЕСКОнун тиешелүү бөлүмдөрү менен байланыштарын, карым-катнаштарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, тиешелүү министрликтерге, административдик органдарга, өкмөттүк эмес уюмдарга ЮНЕСКОнун корутундуларын жана сунуштарын, башка маалыматтык жана көрсөтмөлүк материалдарын жеткирүү;
- ЮНЕСКОнун долбоорлорун даярдоо жана аткаруу максаттарында Кыргыз Республикасынын кызыкдар уюмдары менен ЮНЕСКОнун секретариатынын, ЮНЕСКОнун региондук өкүлчүлүктөрүн, башка өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын, эл аралык уюмдардын ортосундагы байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү. Бул кызматташтык биргелешип уюштурулган изилдөөлөр, семинарлар, кеңешмелер жана конференциялар, ошондой эле маалыматтарды, документтерди алышуу жана визиттер түрүндө болушу мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын адистеринин ЮНЕСКОнун иш-чараларына жана долбоорлоруна катышуусу, ЮНЕСКОнун секретариатында жана региондук бөлүмдөрүндө, ошондой эле талаа долбоорлорунда иштөөсү үчүн Кыргыз Республикасынын адистеринин резервин түзүүгө катышуу жөнүндө сунуштарды ЮНЕСКОнун секретариатына даярдоо жана аны макулдашуу;
- ЮНЕСКОнун ассоциацияланган мектептери менен клубдарын түзүү жана алардын иштерине көмөктөшүү, Кыргыз Республикасында ЮНЕСКОнун кафедраларын ачууну демилге кылуу.
8. Комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, башка кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго, ЮНЕСКОнун региондук өкүлчүлүктөрүнө, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасынын жетекчилигине берилүүчү отчеттордо баяндалат жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.
IV. Комиссиянын укуктары
9. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЮНЕСКО иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясына сунуштарды даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруусу боюнча маалыматты компетенттүү органдардан сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун шайлануучу органдарына талапкерлерди белгиленген тартипте көрсөтүүгө;
- Комиссиянын секретариатынын жылдык иш планын бекитүүгө;
- ЮНЕСКОнуп программалык ишинин багыттары боюнча жумушчу органдарды түзүүгө, ошондой эле алардын курамын бекитүүгө.
V. Комиссиянын ишин уюштуруу
10. Комиссиянын ишин Комиссиянын секретариаты камсыз кылат.
11. Комиссиянын секретариаты комиссиянын жумушчу органы болуп саналат, аны Жооптуу катчы жетектейт. Жооптуу катчы Комиссиянын секретариатынын жетекчиси катары Комиссиянын атынан иштейт, бардык инстанцияларда жана уюмдарда комиссиянын атынан чыгып, ЮНЕСКОнун секретариаты менен тикелей эриш-аркак иш жүргүзөт.
12. Комиссиянын секретариаты өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, ал өзгөчөлөнгөн мүлккө, өз алдынча баланска, ЮНЕСКОнун долбоорлору боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн банкта алыш-бериш жана валюта эсебине, ошондой эле Комиссиянын ишинин алкагындагы иш-чараларга колдоо көрсөтүү жана аларды ишке ашыруу үчүн демөөрчүлүк, меценаттык жардам тартуу максатында атайын эсепке ээ болот жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, милдеттерге ээ болууга жана алардан ажыратууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
13. Комиссиянын секретариаты:
- Комиссиянын жылдык иш планын иштеп чыгат;
- ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын сессиялары, анын программаларынын жана долбоорлорунун алкагындагы башка эл аралык жолугушуулар үчүн Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу позициясын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- ЮНЕСКОнун, ошондой эле Комиссиянын максаттары, программалары жана иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтат;
- биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну жана аткарууну кошкондо, биргелешкен ишти жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун кеңселери, борборлору жана институттары, башка мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиялары, билим берүү, илим жана маданият жаатында иштеген башка эл аралык уюмдар менен кызматташтык жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясына сунуштарды даярдайт;
- ЮНЕСКОнун шайлануучу органдарына Кыргыз Республикасынын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерди Комиссияда бекитүү үчүн башка мамлекеттик органдар меиен макулдашуу процессин жүргүзөт;
- ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы иши жөнүндө Комиссия үчүн жылдык отчетторду даярдайт;
- ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгат.
14. Комиссиянын секретариатын Комиссиянын Жооптуу катчысы жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Жооптуу катчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү төрт жылдан кем болбой, зарыл болгон мураскердик ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш.
15. Комиссиянын Жооптуу катчысы:
- Комиссиянын курамы боюнча сунуштарды киргизет жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;
- Комиссиянын атынан иштейт, бүткүл инстанцияларда жана уюмдарда анын атынан чыгат, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы менен тикелей эриш-аркак иштейт;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча оперативдик чечимдерди кабыл алат, жалпы чогулуш, ошондой эле ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы үчүн документтерди жана материалдарды даярдайт;
- Комиссиянын секретариатынын кызматкерлерин кызматка алат жана кызматтан бошотот;
- Комиссиянын секретариатынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечет.
16. Комиссиянын жогорку башкаруу органы болуп Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу эсептелет, ал жылына бир жолудан кем эмес кезектеги жыйындарга чогулат.
Жалпы чогулушта Комиссиянын келечеги жана ишинин артыкчылыктуу багыттары, Комиссияга баш ийген комиссиялардын келээрки мезгилге иш пландары жана программалары, республикада жүргүзүлүүчү долбоорлор талкууланып, Комиссиянын секретариатынын келээрки мезгилге иш программасы бекитилет, отчеттор угулат жана бекитилет.
17. Жалпы чогулуштун жыйындарынын аралыгында Комиссиянын президиуму иштейт. Комиссиянын президиуму төрагадан, төраганын орун басарынан, Жооптуу катчыдан жана алты мүчөдөн турат.
Президиумдун ишине жалпы жетекчиликти төрага жүргүзөт. Комиссиянын алкагында төмөнкү багыттар боюнча комиссиялар түзүлөт: илим, билим берүү, маданият, маалымат жана коммуникациялар. Бул комиссияларды Комиссиянын төрагасынын орун басарлары жетектейт жана алар жалпы чогулушка жана төрагага отчет берет.
Президиум Комиссия кабыл алган программалардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат, жалпы чогулуштун жыйындарынын аралыгында Комиссиянын иш программасынын натыйжалуу жана сарамжалдуу аткарылышы үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Президиум өзүнүн жыйындарына зарыл болгондугуна жараша, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес чогулат.
Президиум Комиссиянын секретариаты менен бирдикте ЮНЕСКОнун ишинин багыттары боюнча Комиссия тарабынан түзүлгөн убактылуу жумушчу органдарга жана топторго жетекчилик кылат.
18. Комиссиянын бюджеттик, бюджеттен тышкаркы, материалдык жана акча каражаттарын чыгымдоонун мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын тиешелүү финансы мекемелери тарабынан текшерилет.
19. Комиссиянын менчигин жана укугун коргоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Комиссиянын иштери боюнча анын мүчөлөрүнүн, жеке адамдардын, уюмдардын жана мекемелердин ортосундагы бардык талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.