Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 3-сентябры ПЖ № 189
Кыргыз Республикасынын жарандыгына
кабыл алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын сунушун эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:
1) Дворецкая Дарья Алексеевна, мордва, 1927-жылы Мордва АССРинде туулган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жашап жатат;
2) Кан Владимир Иосифович, корей, 1985-жылы Өзбек ССРинин Ташкент облусунун Өзбек ССРинин Беш жылдыгы атындагы совхоздо туулган, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
3) Ким Борис Антонович, корей, 1952-жылы Өзбек ССРинин Анжиян облусунун Пахтаабад районундагы Кокан-Кишлак айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жашап жатат;
4) Кузнецов Дмитрий Витальевич, орус, 1987-жылы Казак ССРинин Жамбул облусунун Бурное айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Шопоков шаарында жашап жатат;
5) Ли (Ким) Арина Семеновна, корей, 1958-жылы Казак ССРинин Талды-Курган облусунун Каратал районундагы Абай айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында жашап жатат;
6) Маликова Джанадой Рахимовна, тажик, 1967-жылы Тажик ССРинин Пенджикент районундагы Ровадин айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жашап жатат;
7) Эрматов Абдугаффор Сабиржанович, өзбек, 1986-жылы Өзбек ССРинин Ташкент облусунун Бекабад районундагы Калинин айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында жашап жатат.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |