Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 11-сентябры ПЖ № 192
А.Ш.Керимбаева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу берген арызына ылайык Керимбаева Анара Шаршеновна 2013-жылдын 26-июнунан баштап Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун судьясынын кызматынан кайра чакыртылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра чакыртуу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотуна белгиленген тартипте кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|