Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 16-апрели № 11
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө
(КР 1998-жылдын 13-ноябрындагы № 143, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 202, 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 198, 2017-жылдын 28-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 14-подпунктунун негизинде:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы белгиленсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын "Манас", "Курманжан Датка", "Даңк", "Достук", "Баатыр эне" ордендери белгиленсин.
(КР 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 198, 2017-жылдын 28-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья.
Кыргыз Республикасынын "Эрдик", "Даңк", Эне даңкы", медалдары белгиленсин.
(КР 1998-жылдын 13-ноябрындагы № 143, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 202, 2017-жылдын 28-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-статья.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-статья.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |