Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын
Президентинин
2013-жылдын 30.09.
№ 198 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө
ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары - МКК) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатты иштеп чыгууга, жүзөгө ашырууга жана камсыз кылууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. МКК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. МКК улуттук жана мамлекеттик концепцияларга жана опүгүү ирограммаларына ылайык иштейт жана ез ишин мамлекеггик органдар, жарандык коом, коммерциялык эмес уюмдар жана эксперттик коомчулук менен тыгыз байланышта жана ачыктык принциптеринде түзөт.
4. МКК мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды чет олкөлордү кошо алганда даярдоонун, кайра даярдоонун, квалификациясын жогорулатуунун жана стажировка өтүүнүп мамлекезтик программалары боюнча мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу маселелери боюнча бирдиктүү координациялоочу орган болуп эсептелет.
5. МКК Мамлекеттик кызмат боюнча кенештин жумушчу органы болуп саналат.
6. МКК юридикалык жак болуп саналат.
7. МКК түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет жана отчет берет.
8. МККнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты башкаруунун жогорку кесипкой системасын түзүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык органдарда кызматтын баркын көтөрүү;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу.
9. Алдыга коюлган милдеттерди агкаруу үчүн МКК төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
I) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын өркүндөтүү жагында:
- өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадр системасын талдоо, мониторинг жүргүзүү жана ишин баалоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, макулдашуу жана өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этика ченемдерин иштеп чыгуу;
- типтүү квалификациялык талаптардын бирдиктүү шарттарын, кызматтык нускамаларын, администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди конкурстук тандап алуунун, кызматтык жогорулоонун, кадр резервине киргизүүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы ишинин натыйжасына баа берүүнүн жол-жоболорун жана стандарттарын системалаштыруу жана тузүү үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- тестирлөө жол-жоболорунун жана шаймандарынын ачык-айкындыгын, өз учурунда жаңыртып турууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга түрткү берген материалдык жана материалдык эмес жүйөөлөр системасын түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын Улуттук жана ички кадрлар резервин калыптандыруу жана иштетүү механизмдерин жүзөгө ашыруу;
- методикалык жардам, консультация берүү, окутуу чараларын жүргүзүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарда насаатчылык институтун түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жана кадрлар резервинде турган адамдардын окутууга болгон жалпы талаптарын калыптандыруу, пландаштыруу жана божомолдоо;
- система деңгээлинде кызматчылардын мансаптык өсүшүн уюштуруу;
- кадрлар резервин мамлекеттик жана муниципалдык органдарда натыйжалуу пайдалануу;
- мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларациялардын толтуруу жол-жоболорун, тапшыруу жана сактоо формаларын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу жана эл аралык кызматташууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты башкаруунун жогорку кесипкөй системасын түзүү жагында:
- улуттук жана мамлекетгик программалык концепциялардын жана документтердин негизинде кадр саясатынын стратегиялык максаттарынаа жана милдеттерине жетүү үчүн оперативдик башкарууга багыт алуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга жана дараметке ээ болгон башкаруучу аппаратты түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрлерин иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана жүргүзүү;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат орундарына конкурстук тандоолорду өткөрүү жана анын стандарттарын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилеринин жана статс-катчыларынын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- статс-катчылар институтунун ишмердигин жөнгө салуу;
- адамдык персоналды башкаруу процесстерин автоматташтыруунун жардамы менен системанын ичинде маалымат менен тез алмашууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишмердигин баалоонун негизинде эмгек акы төлөө системасын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү;
- бюджеттик каржылоону өнүгүүнүн максаттуу программаларына жетүүнүн натыйжалары менен өз ара байланышын камсыз кылган бюджетти пландаштыруу жана аткаруу моделин колдонуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун мамлекеттик билим берүүчү программаларын макулдашуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окугууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү илимий жана изилдөө иштерин өткөрүүго мамлекеттик заказды түзүү;
- донорлук уюмдар менен өз ара байланышуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды чет елкөдө окутуу программаларын жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик заказды жүзөгө ашыруу жана финансылык каражаттарды адмииистрациялаштыруу үчүн билим берүүчү уюмдардын арасынан конкурс уюштуруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзүү;
- мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын ишке киргизүү, өнүктүрүү жана администрациялоо;
- декларацияларды тапшыруунун электрондук форматын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- декларанттардын реестрин жүргүзүү жана алынган декларацияларды эсепке алуу, ачыкка чыгарылбай турган маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын кабыл алуу жана кароо;
- мамлекеnтик жана муниципалдык кызматчылар үчүн жана администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн тесттик суроолордун базасын, ошондой эле мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу Органдары тарабынан администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу атайын талаптарга ылайык башка тесттерди иштеп чыгуу, калыптандыруу жана модернизациялоо;
- администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн тестирлөөнү, ошондой эле кызматчылар үчүн аттестациялоону уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн, ошондой эле мамлекеттик кызматчылар үчүн аттестациялоодон өтүүдө жана кызматтык териштирүүдө полиграфта тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу үчун аянтчаны түзүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы кызматтын баркын жогорулатуу жагында:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы №145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестри менен белгиленген саясий жогорку жана башка атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелери жана мүлкү жөнүндө жалпыланган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте массалык маалымат каражаттарында жарыялоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун проблемалары боюнча илимий-изилдөө иштерди өткөрүү тематикасы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын жыл сайын жалпылоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин оң тажрыйбасын жалпылоо, ишке киргизүү жана кеңири талкуулоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маалыматтык ачыктыгып камсыз кылуу;
- саясий, кесиптик жана жарандык секторлорунун ар түрдүү уюмдары менен улуттук жана эл аралык деңгээлдерде өз ара аракеттенүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын келечектуу иштеп чыгууларына жана сунуштарына дем берүүнүн инновациялык механизмдерин ишке киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдарында кадр маселелерин чечүүдө ведомстволук веб-сайтка жана басылмага колдоо корсотүүнүн эсебинен маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- коом тарабынан суроо-талап кылынган жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кадр саясатынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды өз учурунда жайгаштыруу;
- мамлекеттик кызматчыларды колдоо фондунун Байкоо кеңешинин ишмердигин камсыз кылуу;
- мамлекеттик, коомдук жана кесиптик мүнөздөгү жолугушууларда жана иш-чараларда натыйжалуу мамлекеттик кадр саясатын алдыга жылдыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыкгарын камсыз кылуу жагында:
- зарыл чараларды кабыл алуу, ошондой зле алардын аткарылышын контролдоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароо;
- мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жана мунипиналдык кызматчылардын базасын түзүү жана жүргүзүү. ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтурулушуна контролдоо жүргүзүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына консультацияларды берүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функциялар.
10). МКК ага жуктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты андан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун кароосуна киргизүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнундө мыйзамды бузуу менен кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын чечимдерин жокко чыгаруу жөнундө сунуштарды киргизүүгө;
3) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тармактык комитеттери менен өз ара аракеттенүүгө;
5) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө иштин абалы жөнүндө статс-катчылардын отчетторун угууга;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча эл аралык өнөктөр менен белгиленген тартипте кызматташуу жана байланыштарды өнүктүрүүгө;
7) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын финансылык каражаттарын мыйзамда белгиленген тартипте тартууга;
8) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба менен алмашуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык келишимдерди түзүүгө;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик маалымат системаларын жана маалыматтар базаларын түзүүгө;
10) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну өткөрүүгө мамлекеттик заказды түзүү жана уюшттурууга;
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө;
12) берилген ыйгарым укуктардын четинде мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
13) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
14) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
11. МКК, анын аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик кызмат иштери боюнча органдардын бирдиктүү системасын түзөт. МККнын башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Президент тарабынан бекитилет.
12. МККга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындала жана бошотула турган директор башчылык кылат.
13. Директор:
1) жеке башчылык негизде МККнын ишине жалпы жетекчилик кылат жана МККга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) МККнын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына жана сессияларына, анын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча комитеттер менен фракйциялардын жыйналыштарына катышат;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат;
5) мамлекеттик жана муниципаллык кызматтын маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларына катышат;
6) директордун орун басарларн кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
7) МККнын статс-катчысын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө мамлекеттик кызмат боюнча Кеңешке сунуш киргизет;
8) МККнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын жана кызмат керлерин дайындайт, ротациялоо жүргүзөт, жылдырат жана жумуштан бошотот, статс-катчынын сунуштамасы боюнча сыйлайт жана тартип жазасын колдонот;
9) МККнын мамлекеттик кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди, ошондой эле муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык класстык чендерди берет;
10) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкару органынын жетекчиси менен бирдикте жогорку администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга жогорку класстык чендерди берүү жонүндө сунуштамаларды белгиленген тартипте киргизет;
11) өз орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
12) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, буйрутмаларды жана башка актыларды чыгарат;
13) борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, бул түзүмдүн өзгөрүүсү МККнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында гана мүмкүн. Мында директордун дайындалышы МККнын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт;
14) мыйзам тарабынан белгиленген эмгек акы төлөе фондунун жана штаттык санынын чектелүү чегинде борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык санын бекитет;
15) борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
16) МККнын эмгек акы фондун башкарат;
17) МККнын иш планын жана регламентин бекитет;
18) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жана башка адамдарды белгиленген тартипте «Мамлекеттик кызматтын отличниги» жана «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгилери менен сыйлайт;
19) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын жана башка адамдарды белгиленген тартипте башка ведометволук сыйлыктар менен сыйлайт;
20) МККнын мамлекеттик кызматчыларын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
21) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте МККнын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык ведомстволор аралык келишимдерди түзөт;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзот.
14. МККнын директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындала жана бошотула турган директордун эки орун басары болот, алар түздөн-түз директорго баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде МККнын ишин уюштурушат.
15. МККда статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган, ал укуктук статусу боюнча озунун компетенциясына кирген маселелер боюнча МККнын директордун биринчи орун басарына теңештирилет.
16. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин сунуштамасы боюнча статс-катчыны Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.
17. МККнын директору жок болгон учурда анын функцияларын аткаруу статс-катчыга же орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
18. МККда 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча МККнын директору (жетекчиси), директордун орун басарлары жана статс-катчысы кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү МККнын директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү кирет.
19. МКК ага ишмердигин жүргүзүү үчүн зарыл болгон зийиштүү мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тез башкаруу укугунда бекитилип берилет.
20. МККнын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджетин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
21. МКК ага республикалык бюджеттен жана тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн финансы каражаттарынын эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык, финансылык жана башка отчетторду тапшырат.
22. МККны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. МККнын иши токтотулган учурда анын ишмердигинин жүрүшүндө келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тапшырылат, сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ N 198 Жарлыгы менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 150 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары - МКК) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгууга, жүзөгө ашырууга жана туруктуу иштешин камсыз кылууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
2. МКК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. МКК улуттук жана мамлекеттик концепцияларга жана өнүгүү программаларына ылайык иштейт жана өз ишин мамлекеттик органдар, жарандык коом, коммерциялык эмес уюмдар жана эксперттик коомчулук менен тыгыз байланышта жана ачыктык принциптеринде жүргүзөт.
4. МКК мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар), анын ичинде чет өлкөдө даярдоонун, кайра даярдоонун, квалификациясын жогорулатуунун жана стажировкадан өтүүнүн мамлекеттик программалары боюнча мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу маселелери боюнча бирдиктүү координациялоочу орган болуп эсептелет.
5. МКК Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) жумушчу органы болуп саналат.
6. МКК юридикалык жак болуп саналат.
7. МКК түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет жана отчет берет.
2. Негизги милдеттери
8. МККнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү;
2) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруунун жогорку кесипкөй системасын түзүү;
3) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтын баркын көтөрүү;
4) кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу.
3. Функциялары
9. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн МКК төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын өркүндөтүү жагында:
- мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн аны талдоо, мониторинг жүргүзүү жана иштешин баалоо;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө демилгеленген мыйзамдардын долбоорлорун андан ары Кеңештин кароосуна киргизүү менен корутунду берүү;
- кызматчынын этика ченемдерин иштеп чыгуу;
- типтүү квалификациялык талаптардын бирдиктүү шарттарын, кызматтык нускамаларын, административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди конкурстук тандап алуунун, кызматтык жогорулоонун, кадр резервине киргизүүнүн, мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы ишинин натыйжасына баа берүүнүн жол-жоболорун жана стандарттарын системалаштыруу жана түзүү үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- тестирлөө жол-жоболорунун жана шаймандарынын ачык-айкындыгын, өз учурунда жаңыртууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу;
- кызматчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга түрткү берүүчү материалдык жана материалдык эмес дем берүүнүн тутумун түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улуттук жана ички кадрлар резервдерин түзүүнүн жана иштешинин механизмдерин ишке ашыруу;
- усулдук жардам, консультацияларды берүү, окутуу иш-чараларын өткөрүү жолу менен мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык институтун курууга көмөктөшүү;
- кадрлар резервинде турган кызматчыларды жана адамдарды окутууга жалпы муктаждыктарды түзүү, пландоо жана болжолдоо;
- тутумдук деңгээлде кызматчылардын карьералык өсүүсүн уюштуруу;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрлар резервин натыйжалуу пайдалануу;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу жана эл аралык кызматташууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультативдик, усулдук жана маалыматтык жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү;
2) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруунун жогорку кесипкөй системасын түзүү жагында:
- ыкчам башкарууну улуттук жана мамлекеттик программалык концепциялардын жана документтердин, ошондой эле Кеңештин чечимдеринин негизинде кадр саясатындагы стратегиялык максаттарга жана милдеттерге жетишүүгө багыттоо;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга жана дараметке ээ башкаруу аппаратын түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрүү жана анын стандарттарын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жана аппарат жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жана аппарат жетекчилеринин ишине рейтинг жана мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин жана жооптуу катчыларынын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- муниципалдык кызмат маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин жана жооптуу катчыларынын ишине мониторинг жүргүзүү;
- статс-катчылар институтунун ишмердигин жөнгө салуу;
- статс-катчыларды ротациялоо же ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени Кеңештин кароосуна демилгелөө;
- мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка талапкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- кызматчылар тарабынан этикалык ченемдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- адам ресурстарын башкаруу процесстерин автоматташтыруунун жардамы менен системанын ичинде ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу;
- кызматчылардын ишмердигин баалоонун негизинде эмгек акы төлөө системасын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү жана өркүндөтүү;
- бюджеттик каржылоону өнүгүүнүн максаттуу программаларына жетүүнүн натыйжалары менен өз ара байланышын камсыз кылган бюджетти пландаштыруу жана аткаруу моделин колдонуу;
- кызматчыларды окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун мамлекеттик окутуу программаларын макулдашуу;
- кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды түзүү, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү илимий жана изилдөө иштерин уюштуруу;
- кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо;
- кызматчыларды окутуунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасын ишке киргизүү, өнүктүрүү жана башкаруу;
- кызматчылар үчүн жана административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн тесттик суроолордун базасын, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына коюлуучу атайын талаптарга ылайык башка тесттерди иштеп чыгуу, түзүү жана модернизациялоо;
- административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер үчүн тестирлөөнү уюштуруу жана жүргүзүү;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүдө жана бош кызмат орундарын ээлөөдө талапкерлерди полиграфта тестирлөөдөн өткөрүүнү уюштуруу жана жүргүзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын актуалдуу проблемалары боюнча талкууларды уюштуруу жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды аралыктан окутуунун формаларын уюштуруу жана камсыз кылуу;
3) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматтын баркын жогорулатуу жагында:
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун проблемалары боюнча илимий-изилдөө иштерди өткөрүү тематикасы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын жыл сайын жалпылоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин оң тажрыйбасын жалпылоо, ишке киргизүү жана кеңири талкуулоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу;
- саясий, кесиптик жана жарандык секторлорунун ар түрдүү уюмдары менен улуттук жана эл аралык деңгээлдерде өз ара аракеттенүү;
- кызматчылардын келечектүү иштеп чыгууларына жана сунуштарына дем берүүнүн инновациялык механизмдерин ишке киргизүү;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадр маселелерин чечүүдө ведомстволук веб-сайтка жана басылмага колдоо көрсөтүүнүн эсебинен маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- коом тарабынан суроо-талап кылынган мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы кадр саясатынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында өз учурунда жайгаштыруу;
- мамлекеттик, коомдук жана кесиптик мүнөздөгү жолугушууларда жана иш-чараларда натыйжалуу мамлекеттик кадр саясатын алдыга жылдыруу;
- кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
4) кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жагында:
- зарыл чараларды кабыл алуу, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо үчүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматчылардын, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароо;
- мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын базасын түзүү жана жүргүзүү, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтурулушуна контролдоо жүргүзүү;
- терс негиздер боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган кызматчылардын маалыматтык базасын түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына консультацияларды берүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялар.
4. Ыйгарым укуктары
10. МКК ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты андан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
4) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен өз ара аракеттенүүгө;
5) мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндө иштин абалы жөнүндө статс-катчылардын отчетторун угууга;
6) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча эл аралык өнөктөр менен белгиленген тартипте кызматташууга жана байланыштарды өнүктүрүүгө;
7) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын финансылык каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
8) кызматчыларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба менен алмашуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык келишимдерди түзүүгө;
9) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик маалымат системаларын жана маалыматтар базасын түзүүгө;
10) кызматчыларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну өткөрүүгө мамлекеттик заказды түзүүгө жана уюштурууга;
11) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө;
12) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан алардын карамагындагы маалыматтарды берилген ыйгарым укуктардын чегинде талап кылууга жана алууга;
13) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
14) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Ишти уюштуруу
11. МКК, анын аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча органдын бирдиктүү системасын түзөт. МККнын башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
12. МККны директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана бошотот.
13. Директор:
1) жеке башчылык негизде МККнын ишине жалпы жетекчилик кылат жана МККга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) МККнын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына жана сессияларына, анын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча комитеттер менен фракциялардын жыйналыштарына катышат;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат;
5) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларына катышат;
6) директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
7) МККнын статс-катчысын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунушту Кеңешке киргизет;
8) МККнын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчыларын жана кызматкерлерин дайындайт, ротациялоо жүргүзөт жана жумуштан бошотот, статс-катчынын сунуштамасы боюнча сыйлайт жана тартип жазасын колдонот;
9) МККнын мамлекеттик жарандык кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди, ошондой эле муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык класстык чендерди ыйгарат;
10) өз орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
11) өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди жана башка актыларды чыгарат;
12) борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү МККнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында гана мүмкүн. Мында директордун дайындалышы МККнын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз боло албайт;
13) мыйзам менен белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык санынын чегинде борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин бекитет;
14) борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
15) МККнын эмгек акы фондун башкарууну жүзөгө ашырат;
16) МККнын иш планын жана регламентин бекитет;
17) кызматчыларды жана башка адамдарды белгиленген тартипте "Мамлекеттик кызматтын отличниги" жана "Муниципалдык кызматтын отличниги" төш белгилери менен сыйлайт;
18) кызматчыларды жана башка адамдарды белгиленген тартипте башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
19) МККнын мамлекеттик жарандык кызматчыларын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
20) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте МККнын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык ведомстволор аралык келишимдерди түзөт;
21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
14. Директордун эки орун басары болот, алар МККнын директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, алар түздөн-түз директорго баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде МККнын ишин уюштурат.
15. МККда статс-катчынын жогорку административдик мамлекеттик кызмат орду уюштурулган, ал укуктук статусу боюнча өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча МККнын директорунун биринчи орун басарына теңештирилет.
16. ММКнын статс-катчысын дайындоо жана бошотуу мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ишке ашырылат.
17. МККнын директору жок болгон учурда анын функцияларын аткаруу статс-катчыга же болбосо директордун орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
6. Корутунду жоболор
18. Ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон тийиштүү мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам башкаруу укугунда МККга бекитилип берилет.
19. МККнын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
20. МКК ага республикалык бюджеттен жана тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн финансы каражаттарынын эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык, финансылык жана башка отчетторду тапшырат.
21. МККны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
22. МККнын иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берилет, сакталат жана пайдаланылат.