Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ №198 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 9-июну ПЖ №119
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө
(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ№139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын башкарууну өркүндөтүү жана улуттук кадр потенциалын натыйжалуу калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын тиркелген Жобосу жана анын түзүмү бекитилсин.
(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин 4-главасында:
"Улук кызмат орду" тобу төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"
Улук кызмат орду | ||
У1 | Башкы адис | Сектор башчы |
У2 | Жетектөөчү адис | Башкы адис |
У3 |
| Жетектөөчү адис |
";
төмөнкү мазмундагы "Кенже кызмат орду" деген топ менен толукталсын:
Кенже кызмат орду | ||
К1 | Адис Референ | Адис |
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана - анын аймактык органдарынын ишине байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматын күтүүгө каралган каражаттардын чегинде чечсин;
- мурда кабыл алынган чечимдерди ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Жарлыгынын 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы №73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы №148 "2009-жылдын 13-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы №222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин колдоо Фонду жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пункту.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2012-жылдын 9-июнундагы
№ 119 Жарлыгы менен бекитилген
(КР Президентинин 2012-жылдын 24-июлундагы ПЖ №139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
┌────────────┐
│ Директор │ ┌──────────────────────┐
└────────────┘ │ Кеңешчи, жардамчы │
└──────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐
│ Статс-катчы │ │ Директордун орун │ │ Директордун орун │
│ │ │ басары │ │ басары │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐
│ Мамлекеттик жана │ │ Мамлекеттик жана │ │ Отдел (центр) │
│ муниципалдык │ │ муниципалдык │ │ тестирлөө бөлүмү │
│ өнүктүрүү бөлүмү │ │ кызматчыларды окутуу│ │ (борбору) │
│ │ │ бөлүмү │ │ │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐
│ Ченемдик-укуктук │ │ Мамлекеттик кызмат │ │ Персоналды башкаруу │
│ жактан камсыз кылуу │ │ өтөө бөлүмү │ │ жана иш кагаздарын │
│ бөлүмү │ │ │ │ жүргүзүү бөлүмү │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐
│ АРБМС системасы │ │ Муниципалдык кызмат │ │ Финансылык жана │
│ сектору │ │ өтөө бөлүмү │ │ администрациялык │
│ │ │ │ │ жактан камсыз кылуу │
│ │ │ │ │ бөлүмү │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐
│ Мониторинг жана │ │ Кирешелерди │ │ Басма-сөз кызматы │
│ мыйзамдуулукту │ │ декларациялоо бөлүмү│ │ │
│ контролдоо │ │ │ │ │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘
┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐ ┌─────────────────────┐
│ Борбордук аймактык │ │ Түштүк аймактык │ │ Түндүк аймактык │
│ өкүлчүлүк │ │ өкүлчүлүк │ │ өкүлчүлүк │
│(Чуй, Талас облустары│ │ (Ош, Жалал-Абад, │ │(Ысык-Көл жана Нарын │
│ жана Бишкек шаары │ │Баткен облустары жана│ │ облустары боюнча) │
│ боюнча) │ │ Ош шаары боюнча) │ │ │
└─────────────────────┘ └─────────────────────┘ └─────────────────────┘