КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 30-октябры ПЖ № 212
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы "Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адамдарды пенсия менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди аткарууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы № 252 "Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |