Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 6-ноябры ПЖ № 214
М.А.Асанов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы М.А.Асановго карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Асанов Муратбек Аланович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |