Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 13-ноябры ПЖ № 216
К.А.Бекчанова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы К.А.Бекчанованын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалган жана Ош шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Бекчанова Кымбат Айнакуловнанын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 25-октябрынан баштап токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |