Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 215 Жарлыгы менен бекитилген |
Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин, 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу) "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" чечимине ылайык түзүлгөн консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" жана 2013-жылдын 4-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" чечимдерин аткаруусуна контролдук кылууну жана жүзөгө ашыруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун максаты болуп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу мыйзамдуулуктун, иштин ачыктыгы жана айкындыгы принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу:
1) коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча иштерди активдештирүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди, анын ичинде тиешелүү мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттердеги коррупциялык схемаларды жана коррупциялык коркунучтарды демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландарды бекитүү түрүндө иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, коррупциялык көрүнүштөрдүн себебин табуу жана жоюу боюнча эксперттик топторду түзөт;
2) өзүнүн жыйналыштарында ар бир министрликтин, администрациялык ведомствонун, башка борбордук мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым органдарынын системасындагы антикоррупциялык иш-чаралардын ишке ашырылуусунун жүрүшүн коомчулукка маалымдоо менен карайт;
3) тиешелүү мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине киргизет.
(КР Президентинин 2016-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун курамы
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобун жетекчи жетектейт, анын орун басарлары болот.
8. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрү болуп мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле макулдашуу боюнча - көз карандысыз эксперттер эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун ыйгарым укуктары
9. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынан, башка мекемелерден жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан иш үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттердин бардык деңгээлдеги кызмат адамдарын чакырууга жана угууга;
3) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналышында кароо үчүн киргизилген маселелер боюнча материалдарды жана документтердин долбоорлорун даярдоо максатында укук коопсуздук органдарынын, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн эксперттик топторду түзүүгө;
4) текшерүү жүргүзүүнү укук коопсуздук жана фискалдык органдарга сунуш кылууга;
5) коррупцияны болтурбоо максатында жарандардын мыйзамдарда корголгон укуктарын жана эркиндиктерин, коомду жана мамлекеттик коопсуздук боюнча ишти координациялоонун милдеттеринен келип чыккан башка ыйгарым укуктарды жүргүзүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине жана анын катчылыгына коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштин натыйжасынын аз болгондугу үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана укуктары
10. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жетекчиси:
1) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштарын чакырат жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштарына төрагалык кылат. Зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштарында төрагалык кылууну өзүнүн орун басарларынын бирине тапшырат;
2) зарыл болгон маалыматтык материалдарды талап кылат;
3) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун чечимдеринин жана сунуштарынын аткарылышын контролдойт;
4) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарында кароо үчүн тиешелүү сунуштарды киргизет.
11. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун компетенциясына кирген маселелер боюнча сунушту, аларды кароонун зарылдыгын, чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын негиздөө менен киргизүүгө;
2) талкуулоону жана чечимди кабыл алууну талап кылган документтердин долбоорлорун, башка материалдарды макулдашылган тартипте киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун кароосуна киргизилген маселелер боюнча талкууга жана чечимдерди иштеп чыгууга катышууга;
4) кабыл алынган биргелешкен чечимдердин жана аларды ишке ашыруу боюнча чаралардын натыйжалуулугун баалоо тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналышын коррупцияга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча өткөрүүнү демилге кылууга.
5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштарын даярдоонун тартиби
12. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштарында кароо үчүн тиешелүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрү бекитилген планга ылайык ушул жыйналыштарды даярдоого катышат.
13. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналышында каралуучу маселелер боюнча документтердин долбоорлорун демилгечи же ушул максатта түзүлгөн топ даярдайт.
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштары
14. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
15. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштары жетекчи тарабынан же Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын демилгеси боюнча чакырылат жана ага анын курамынын кеминде жарымы катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
16. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналышын өткөрүүнүн күнү, убактысы жана орду анын жетекчиси тарабынан белгиленет.
17. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун чечимдери жана сунуштары бардык курамдын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө добуштар тең болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналышында төрагалык кылгандын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
18. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, жарандык коомдун, жалныга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. Чакырылган адамдардын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун чечимдерин жана сунуштарын кабыл алуудагы добуш берүүгө катышууга укугу жок.
19. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жыйналыштары протоколдор менен таризделет, аларга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун жетекчиси жана ар бир жыйналыштын башында аныкталуучу жыйналыштын катчысы кол коет.