Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 11-февралы ПЖ № 23
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушун эске алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу төмөнкүлөр 2013-жылдын 16-январынан тартып мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Базаралиева Анархан Мамбетовна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;
- Батыралиев Болотбек Бакирович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Талас облусунун Манас райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;
- Жумагулов Памирдин - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Чүй облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан;
- Токбаева Айнаш Абдымановна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Ош облусунун Райондор аралык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |