Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 11-февралы ПЖ № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Балагазы кызы Аиданын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 13-февралынан баштап анын ээлеген кызмат орду Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 28-февралынан тартып алар ээлеген кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээлегенге чейин узартылсын:
Архарова Кымбат Кадыровнанын;
Токтосунов Эрланбек Сапарбековичтин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |