Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 11-февралы ПЖ № 25
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарынын узартылгандыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Балагазы кызы Аиданын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын кызмат ордун ээлеши 2013-жылдын 13-февралынан тартып улантылсын.
2. Төмөнкүлөрдүн кызмат ордун ээлеши 2013-жылдын 28-февралынан тартып улантылсын:
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - Архарова Кымбат Кадыровнанын;
- Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьясы - Токтосунов Эрланбек Сапарбековичтин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |